Showing 1-10 of 96 results

ОшТУ: Ош улуттук драма театрында Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорун тапшыруу аземи болуп өттү.

Аталган иш-чара жыл сайын салтка айланып, бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнүнүн алкагында өткөрүлөт. Ошондой илим күнүнө арналган иш-чаралар да ушул күндө жүз берип, биздин университеттин илимий жетишкендиктери тууралуу маалыматтар берилди. Биздин окуу жайды бүтүрүп, белгилүү жерлерде эмгектенген бүтүрүүчүлөр салтанаттуу жыйынга конок …

11-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында “Жаш акын ” сынагы болуп өттү.

Конкурс жалпысынан төрт тур менен өттү: Конкурстун жыйынтыгында  баш байгени Ош технологиялык университетинен Узакбай уулу Камчыбек1-орунду Ош гуманитардык институтунан Исамидин уулу Бектурали, 2-орунду, Ош мамлекеттик университетинен Өскөнбай кызы Айжана,3-орундуКыргыз-Өзбек университетинен Абдиназар кызы Нургиза камсыз кылышты. Иш – чаранын уюштуруучулары: Ош МУнун студенттик “Нур” гезити жана Тарбия департаменти.

ОшТУ: 12-16-ноябрь күндөрү базалык мектептер арасында олимпиада өткөрүлүп жатат

Олимпиада физика, математика, химия жана кыргыз тил предметтеринен өткөрүлүп, жалаң 11-класстардын окуучулары катышууда. Алай районунан 151 окуучу, Араван районунан 36 окуучу катышты. Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу райондорунан дагы окуучулар белгиленген күндө келип олимпиадага катышышат. Бул иш-чаранын негизги максаты университеттин материалдык-техникалык базасы менен …

Ош технологиялык университети Индияда болуп өткөн жогорку билим берүү боюнча саммитине катышты

Кыргызстандан жогорку окуу жайлардын, академиялардын, ЖОЖдордун бирикмелеринин жана башка уюмдардын өкүлдөрү Индияда өткөн жогорку билим берүү боюнча саммитинде катышышты.Иш-чара 30-октябрдан 1-ноябрга чейин жогорку билим берүү боюнча «FICCI-2018 Келечектин университеттери” аталышында өттү.Бул иш-чарага М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Сырткы байланыштар …

ОшТУ: “Технология жана жаратылышты пайдалануу” факультетинин 1-курстардын “Тушоо кесүү” аземи болуп өттү.

2018-жылдын 31-октябрь күнү “Технология жана жаратылышты пайдалануу”  факультетинин 1-курстары үчүн «Тушоо кесүү» кечеси, факультеттер аралык биринчи курстардын ортосунда өткөрүлгөн спартакиада 2-орунду алган студенттерди сыйлоо кечеси болуп өттү. Иш-чарага факультет деканы Жорокулов Дүйшөн Абдиматович_катышып, студенттерди майрамы менен куттуктап, сыйлуу баракчалар тапшырылды. “Тушоо кесүү” аземи чыгармачыл студенттер …

Ош технологиялык университеттин Технологиялык колледжинин “Информатика, прогаммалоо жана байланыш” кафедрасынын студенттеринин ата-энелери менен кафедранын жамаатынын жолугушуу кечеси уюштурулду

 Иш чаранын жүрүшүндө ата-энелер менен эркин пикир алышуу болуп, анда билим берүүдөгү көйгөйлөр, билим берүүнүн сапатын жогорулатуудагы үй-бүлөгө байланыштуу маселелер боюнча талкуу болду. Жыйынга Кыргызстандын сүйүктүү акыны Идирис Айтибаев конок катары келип, өз ою менен бөлүшүп иш чара концерттик программа …

ОшТУ: “Тушоо кесуу” салтанаттуу аземи болуп өттү.

Ош технологиялык университетинин Кибернетика жана маалымат технологиялары факультетинин “Компьютердик лингвистика” кафедрасында биринчи курстарга арналган “Тушоо кесуу” салтанаттуу аземи болуп өтту. Бул салтанаттуу аземге факультеттин мугалимдери жана студенттери катышты. Иш чаранын аягында аталган факультеттин жана ОшТУнун таланттуу студенттери концерттик программа тартуулашып, …

ОшТУ: Университетибиздеги факультеттер аралык биринчи курстардын ортосунда өткөрүлгөн спартакиада аягына чыгып, жеңүүчү командалар аныкталды.

Биздин окуу жайда эки жумага созулган биринчи курстар аралык спартакиада аягына чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Аталган иш-чара спорттун улуттук жана классикалык түрүнөн өткөрүлүп жыйынтыгында биринчи орунду “Технологиялык колледждин” командасы, экинчи орунду “Технология жана жаратылышты пайдалануу” факультетинин командасы, ал эми үчүнчү орунду …

ОшТУ: Технологиялык колледжде адистиктердин ортосунда тамашоу болуп өттү.

Иш чара ОшТУнун  Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти жана Технологиялык колледждин жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, биринчи курстар ортосунда КВН таймашы өттү. Биринчи орунду алган Технологиялык колледждин Курулуш кафедрасы “Идеал” командасы окуу жайдын жетекчилиги тарабынан акчалай сыйлыктар, уюлдук телефон жана баалуу белектер, …

ОшТУда “Encounter” оюну өттү

14-октябрь Ош технологиялык университетинде 1-курстар аралык “Encounter” интеллектуалдык мелдеши болуп өтту. Иш-чара ОшТУнун Жаштар комитети тарабынан студенттердин жан-дүйнөсүн кеңейтүү, достук мамилени чыңдоо жана эң негизгиси окуу жайдагы көпчүлүк маани бербеген бирок маанилүү жайларды билүү максатында уюштурулду. Ошого ылайык суроолор да …