Кыргызстандын келечеги – мамлекеттик тилинде
Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. 2004-жылдын 2-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамына кол коюлган. Кыргыз тилинин Мамлекеттик тил болуп жарыяланышы менен аны коом тарабынан колдоого ээ болушу эё негизгиси, эне тилибиздин мамлекеттик камкордукка алынып жатышы, анын аброюн бир топ деңгээлге көтөрүп койду. Көчмөн кыргыз элинин санжыралуу тарыхы анын өз эне тилинде айтылып, оозеки да, жазуу жүзүндө да сакталып келгендиги баарыбызга маалым. Ата-бабаларыбыз океан сымал «Манас» эпосун бизге оозеки айтып жеткирди.
Дүйнө эли бизди улут катары, мамлекет катары тааныды. Ааламдашуу доорунда технология менен жарышып, кыргыз тили да өз ордун таба алды. Коомдун бардык чөйрөсүндө, ал тургай интернет айдыңында биз эне тилибизде ой-пикир жаратып жатабыз. Ата-бабаларыбыз элибиздин маданиятын, эне тилин, мамлекеттүүлүгүн муундан-муунга өткөрүп, урпак улап келет. Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата элдин, улуттун келечеги болгон жаштардын, анын ичинде биздин окуу жайдын студенттеринин мекенчилдик сезимин көтөрүү максатында Ош технологиялык университетинин ректору,т.и.к.,доцент Ж.Ж.Турсунбаевдин колдоосу менен Мамлекеттик тил бөлүмү 2022-жылдын 15-октябрынан иштей баштады.
Бөлүмдү мамлекеттик тил проректору п.и.д.,профессор З.А.Зулпуев жетектейт. Ошондой эле Ж.К.Айтибаева башкы адис жана Г.А.Максутова адис катары эмгектенүүдө.
Мамлекеттик тил бөлүмү кабыл алынган жылдык иш пландын негизинде алгылыктуу иш алып барып жатат:
- окуу жайда Мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарыяланды жана жогорку денгээлде өткөрүлдү;
- структуралык бөлүмдөрдө, факультеттерде, институт жана колледжде иш кагаздардын жүргүзүшү менен таанышып чыгылды;
- университетинин профессордук-окутуучулук курамына КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын негизинде мамлекеттик тилде иш кагаздарын туура түзүүнү жана жүргүзүүнү жайылтуу боюнча окуу- семинарлары октябрь-ноябрь айларында өткөрүлдү;
- 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Бир талант кетип дүйнөдөн, Чын талант келген дүйнөгө” аталышында адабий-музыкалык кече өткөрүлдү;
Зулпуев Ашим Зулпуевич – мамлекеттик тил боюнча проректор педагогика илимдеринин доктору, профессор.
Билими: жогорку. Ош гуманитардык-педагогикалык институту 1 монография, 1 усулдук колдонмо, чет өлкөдө жарыяланган 14, КРда чыккан 13 илимий макаланын ээси.
Байланыш үчүн телефон: 0772-22-40-93, e-mail: zulpuevashim@mail.ru
Айтибаева Жыпаргүл Калыевна –мамлекеттик тил бөлүмүнүн башкы адиси
Билими: Жогорку
1996-2001-жылдары Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин “Кыргыз тили, адабияты жана кошумча англис тили мугалими” адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
2014-2016-жылдары ОшМУнун “Филология” багыты боюнча Магистратура бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган. 2 усулдук колдонмо, 1 окуу китеби бар. 6 публицистикалык, 16 илимий макаласы жергиликтүү жана чет өлкөлүк басылмаларда жарык көргөн.
2021-жылы Ош МПУнун Аспирантура бөлүмүн бүтүргөн.
Байланыш үчүн телефон: 0774746679 e-mail: aitibaevajypargul1979@gmail.com
Максутова Гулбарчын Алижановна – мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси
1998-2003-жылдары Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин “Кыргыз тили, адабияты жана кошумча англис тили мугалими” адистигин бүтүргөн.
Байланыш үчүн телефон: 0776169281, e-mail: gulbarcyn.2602@gmail.com