Магистратура – бул уюштуруучулук-башкаруучулук, аналитикалык, долбоорлук-экономикалык, илимий изилдөөчүлүк жана педагогикалык иш-аракетке адистерди даярдоого багытталган жогорку кесиптик билим берүүнүн экинчи деңгээли.
Магистратура окуу бөлүмүнүн ачылышынын негизги максаты: мамлекеттик стандарты аткарыш үчүн фундаменталдык жана прикладдык илимдерде, билим берүү системаларында, илим жана маданияттарында ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарында жогорку квалификациялуу атаандаштык жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон кадрлар менен камсыздоо болуп эсептелет.
Атакулова Мерим Абдыкеримовна
Жумуш орду: магистратура бөлүмүнүн башчысы
Окумуштуу даражасы, окумуштуу наамы: филология илимдеринин доктору, профессор, РФнын Табият таануу Академиясынын академиги.
Жарык көргөн китептери, илимий иштери жана башка публикациялары: 14 окуу-усулдук колдонмолору, 4 окуу китеби, 4 монографиясы чыгарылган жана 150дөн ашуун статьялары жарык көргөн.
тел.: 0777 27-07-77, 03222 4-37-37
эл.почта: atakulova.m@bk.ru
Бүгүнкү күндө ОшТунун магистратура бөлүмү кафедралар менен биргеликте төмөнкү 14 багыт боюнча 19 адистикти даярдап жатат:
- Колдонмо математика жана информатика;
- Электр энергетикасы жана электр техникасы:
адистиги: Электр менен камсыздоо;
адистиги: Электр энергетикалык системалар жана тармактар;
адистиги: Электр энергетикадагы менеджмент;
- Картография жана геоинформатика;
- Информатика жана программалоо технологиясы;
- Транспорттук процесстердик технологиясы:
адистиги: Кыймыл коопсуздугун уюштуруу;
- Маалымат системалары жана технологиялары:
адистиги: Экономикадагы маалымат системалары жана технологиялары;
- Курулуш:
адистиги: Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо жана анын теориясы;
- Колдонмо информатика;
- Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары:
адистиги: Байланыш тармактары жана коммутация системалары;
- Экология жана жаратылышты пайдалануу;
- Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы:
адистиги: Өсүмдүк азыктарын өндүрүү кайра иштетүү технологиясы;
- Кесипке билим берүү:
адистиги: Психология;
адистиги: Маалыматтар технологиясы;
- Экономика:
адистиги: Финансы жана кредит (кундүзгү, сырттан);
адистиги: Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит (кундүзгү, сырттан);
- Социалдык иш.