• Русский
  • English
  • Коррупцияга каршы
  • ЭДЖ ОшТУ
  • Сайттын картасы
  • Байланыш
No Result
View All Result
Logo
Ректордун кабылдамасы
+996 3222 4-38-83
ОшТУнун
ректоруна кат
  • Башкы бет
  • Университет
    • Жетекчилик
      • ОшТУнун ректору
      • Окуу иштери боюнча проректор
      • Илим жана инновация боюнча проректору
      • Cырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор
      • Мамлекеттик тил боюнча проректору
      • ОшТУнун усулдук кеңеши
      • Окумуштуулар кеңеши
      • Көзөмөл кеңеши
      • Дуйнолук тилдер кафедрасы
      • Ченемдик документтер
    • Департаменттер
      • Окуу бөлүмү
      • Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти
    • Бөлүмдөр
      • Кадрлар бөлүмү
      • МжББИТ бөлүмү
      • МТжККТ бөлүмү
      • Редакциялык-басма бөлүмү
      • Укуктук иштер бөлүмү
      • Жалпы бөлүм
      • Билим сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү
      • Илим бөлүмү
      • Эл аралык бөлүмү
      • Бириккен профсоюз комитети
    • Чарбалык-эсеп бөлүмү
      • Ош технологиялык университетинин бухгалтериясы
      • Финансылык-пландоо бөлүмү
      • Админстративдик-чарба бөлүмү
      • ОшТУнун студенттер үйү
  • Окумуштуулар кеңеши
  • Окуу бөлүмдөрү
    • Факультеттер
      • Экономика жана башкаруу институту (ЭжБИ)
      • Архитектура жана курулуш институту
      • Автоунаа жана тейлөө технологиясы факультети
      • Инновациялык маалымат технологиялар институту (ИМТИ)
      • Индустриалдык-педагогикалык институт (ИПИ)
      • Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
      • Энергетика жана транспорт институту
    • Колледж жана институттар
      • Гуманитардык-технологиялык колледж
      • ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту
      • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
      • Магистратура бөлүмү
  • Илим
    • Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү
    • Ош технологиялык университетинин Бизнес-Инкубатору
    • Илимий-техникалык журнал “Известия ОшТУ”
    • Технопарк
    • Илимий-изилдөө долбоорлору
    • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
    • Магистратура бөлүмү
  • Эл аралык бөлүмү
No Result
View All Result
No Result
View All Result
    • Башкы бет
    • Университет
      • Жетекчилик
        • ОшТУнун ректору
        • Окуу иштери боюнча проректор
        • Илим жана инновация боюнча проректору
        • Cырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор
        • Мамлекеттик тил боюнча проректору
        • ОшТУнун усулдук кеңеши
        • Окумуштуулар кеңеши
        • Көзөмөл кеңеши
        • Дуйнолук тилдер кафедрасы
        • Ченемдик документтер
        Департаменттер
        • Окуу бөлүмү
        • Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти
        Бөлүмдөр
        • Кадрлар бөлүмү
        • МжББИТ бөлүмү
        • МТжККТ бөлүмү
        • Редакциялык-басма бөлүмү
        • Укуктук иштер бөлүмү
        • Жалпы бөлүм
        • Билим сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү
        • Илим бөлүмү
        • Эл аралык бөлүмү
        • Бириккен профсоюз комитети
        Чарбалык-эсеп бөлүмү
        • Ош технологиялык университетинин бухгалтериясы
        • Финансылык-пландоо бөлүмү
        • Админстративдик-чарба бөлүмү
        • ОшТУнун студенттер үйү
    • Окумуштуулар кеңеши
    • Окуу бөлүмдөрү
      • Факультеттер
        • Экономика жана башкаруу институту (ЭжБИ)
        • Архитектура жана курулуш институту
        • Автоунаа жана тейлөө технологиясы факультети
        • Инновациялык маалымат технологиялар институту (ИМТИ)
        • Индустриалдык-педагогикалык институт (ИПИ)
        • Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
        • Энергетика жана транспорт институту
        Колледж жана институттар
        • Гуманитардык-технологиялык колледж
        • ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту
        • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
        • Магистратура бөлүмү
    • Илим
      • Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү
      • Ош технологиялык университетинин Бизнес-Инкубатору
      • Илимий-техникалык журнал “Известия ОшТУ”
      • Технопарк
      • Илимий-изилдөө долбоорлору
      • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
      • Магистратура бөлүмү
    • Эл аралык бөлүмү
    Башкы бет Жетекчилик

    Мамлекеттик тил боюнча проректору

    Улут наркы – улуу тил 


    Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну  жүргүзүүдө  бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил.  Кыргыз  ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили  мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. 2004-жылдын 2-апрелинде  «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамына кол коюлган. Кыргыз тилинин Мамлекеттик тили  болуп жарыяланышы менен аны коом тарабынан колдоого ээ болушу эң негизгиси, эне тилибиздин мамлекеттик камкордукка алынып жатышы, анын аброюн бир топ деңгээлге көтөрүп койду. Көчмөн кыргыз элинин санжыралуу тарыхы анын өз эне тилинде айтылып, оозеки да, жазуу жүзүндө да сакталып келгендиги баарыбызга маалым. Ата-бабаларыбыз океан сымал «Манас» эпосун бизге оозеки айтып жеткирди.

    Дүйнө эли бизди улут катары, мамлекет катары тааныды. Ааламдашуу  доорунда технология менен жарышып, кыргыз тили да өз ордун таба алды. Коомдун бардык чөйрөсүндө, ал тургай интернет айдыңында  биз эне тилибизде ой-пикир жаратып жатабыз. Ата-бабаларыбыз элибиздин маданиятын, эне тилин, мамлекеттүүлүгүн муундан-муунга өткөрүп, урпак улап келет. Мамлекеттик тилдин  34 жылдыгына карата элдин, улуттун келечеги болгон жаштардын, анын ичинде биздин окуу жайдын студенттеринин мекенчилдик сезимин көтөрүү максатында Ош технологиялык университетинин ректору, профессор  Ж.Ж. Турсунбаевдин колдоосу менен  Мамлекеттик тил бөлүмү 2022-жылдын 15-октябрынан баштап иштей баштады.

    Бөлүмдү мамлекеттик тил проректору п.и.д.,профессор З.А.Зулпуев жетектейт.  Башкы адис, ф.и.к., Ж.К. Айтибаева жана ОшТУнун аспиранты Г.А.Максутова адис катары эмгектенүүдө.

    Мамлекеттик тил бөлүмү кабыл алынган жылдык иш пландын негизинде алгылыктуу иш алып барып жатат:

    • окуу жайда мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарыяланып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү;
    • структуралык бөлүмдөрдө, факультеттерде, институт жана колледжде иш кагаздардын жүргүзүлүшү менен таанышып чыктык;
    • университеттин окутуучу-профессордук курамына  КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген,   Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын негизинде мамлекеттик тилде иш кагаздарын туура түзүүнү жана жүргүзүүнү жайылтуу боюнча  окуу-семинарлар  октябрь-ноябрь айларында өткөрүлдү;
    • 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Бир талант кетип дүйнөдөн, Чын талант келген дүйнөгө” аталышында адабий-музыкалык кече өткөрүлдү;

     


    Зулпуев Ашим Зулпуевич  – мамлекеттик тил боюнча проректор  педагогика илимдеринин доктору, профессор.
    Билими: жогорку. Ош гуманитардык-педагогикалык институту 1 монография, 1 усулдук колдонмо, чет өлкөдө жарыяланган 14, КРде чыккан 13  илимий  макаланын ээси.
    Байланыш үчүн телефон: 0772-22-40-93,
    e-mail: zulpuevashim@mail.ru

     

     

    Максутова Гульбарчын Алижановна – мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси, ОшТУнун аспиранты.
    Билими: Жогорку, 1998-2003-жылдары ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинин “Кыргыз тили, адабияты жана кошумча англис тили мугалими” адистигин бүтүргөн.
    Байланыш үчүн телефон: 0555812602,
    e-mail: gulbarcyn.2602@gmail.com

     

     


    Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

    2024-жылдын 21-февраль күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата Ош шаардык мэриясы, Кыргызстан улуттук ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн катышуусунда Ош шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары менен биргеликте 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.

    Биргелешип уюштурган иш-чаранын расмий бөлүгү сыйлуу коноктордун: Ош шаарынын вице-мэри Н.С.Кадыровдун, Кыргызстан улуттар ассамблеясынын түштүк бөлүмүн башчысы, т.и.д., проф.  Б.А. Нурумбетовдун, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д.,профессор А.А.Мамасадыковдун, КРдин Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы  А.Тилекманованын куттуктоосу менен башталды.

    Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, п.и.д.,профессор А.З.Зулпуев жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн адистери  Ж.К.Айтибаева, Г.А.Максутова биргеликте барып катышып күбө болуп келишти.

    Майрамдык иш-чараны окуу жайлардын таланттуу жаштары тарабынан даярдалган: дүйнө элдеринин маданиятын, жергебизде жашаган этностордун ортосундагы достук байланыштарды даңазалаган сахналык оюн-зооктор улантты. Салтанаттын жүрүшүндө  тарыхый окуяларды баяндаган, улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдырган ыр-бийлер аткарылды. Ага утурлай биздин окуу жайдын корей тили борборунун окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган каада-салт, ыр-бийлери аткарылды.

    Соңунда Ош шаардык мэриясы тарабынан жергебизде жашаган достук мамилесин тереңдетүүгө, ар бир этностун маданиятын, нарк-насилин, эне тилин өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон инсандарга, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө баалуу белектерди тапшыруу менен майрамдык салтанат жыйынтыкталды.

    2024-жылдын  19-февраль күнү  – Бүткүл дүйнөлүк эл аралык эне тил күнү белгиленди

    Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.

    Кечеде студенттер  үйрөнүп жаткан тилдерди  даңазалоо максатында ар улуттун өкүлдөрүнүн каада-салттары менен баштады. Ар бир тил өзүнө ыйык, өзүнчө керемет. Дүйнөдө канча тил болсо, ошол тилде сүйлөгөн улуттун баары өз эне тилинин түбөлүктүүлүгүн көздүн карегиндей сактоого, урпактарга улуу мурас кылып берүүгө аракеттерин жасап келет. Кыргыз эли да улуу эл катары өз эне тилинин түбөлүктүүлүгү үчүн бир топ тарыхый оор кырдаалды башынан өткөргөн. Мындай тарыхый мурастын бүгүнкү күнү да учугун үзбөй улантып, жаштарга ата-бабаларыбыз  мурас калтырып кеткен эне тилинде сүйлөөгө багыт берүү учурдун негизги талабы болуп саналат.

    Жыйынтыгында ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору п.и.д.,профессор А.З.Зулпуев куттуктоо сөзүн айтып, студенттерге өз эне тилибизди өркүндөтүүгө, аздектөөгө  чакырды.
    Баалуу белектер, ыраазычылык баракчалар  тапшырылды.

     

     

    21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош технологиялык  университетинде дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан «Канча тил билсең, ошончо адамсың» аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.

    Бул иш-чаранын негизги максаты улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу, бөтөн тилдерди барктоо, сыйлоо, эне тилди баалуулук катары кийинки муундарга өткөрүп берүү болуп саналат.

    Иш-чарада ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору А. З. Зулпуев кеченин катышуучуларын “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” менен куттуктады.

    Мамлекеттик тил бөлүмү, орус тили жана славян маданияты борбору, америка маалымат-ресурстук борбору, корей тили,  кытай тили  борборлорунда окуп, тилдерди үйрөнүп жаткан студенттердин катышуусундагы майрамдык кечеде ар улуттун ырлары жаңырып, бий менен коштолгон музыкалык чыгармалар катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Студенттер өздөрү үйрөнүп жаткан тилдерди даңазалоо максатында ар улуттун маданиятын, тилин, улуттук баалуулуктарын көрсөтүп, ыр-бийлерди, интерактивдик оюн, юмор жана башка кызыктуу номерлерди аткарышты.

    Мамлекеттик тил бөлүмүнүн 2024-2025-жаңы окуу жылына карата мерчемделген иш-чаралар

    Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил макамынын кабыл алынгандыгынын  35 жылдыгына карата академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде үч айлыктын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралардын  ЖОБОСУ түзүлүп чыкты.

    Жалпы жоболор

    “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында университеттин институттарында колледждеринде  иш-чаралар уюштурулат жана өткөрүлөт.

    Үч айлыкты өткөрүүнүн максаты 

    • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын жайылтуу;
    • мамлекеттик тилге байланыштуу улуттук деңгээлдеги иш-чараларды өз убагында даярдоо жана ийгиликтүү өткөрүү;
    • мамлекеттик тилди студенттер арасында туура колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
    • мамлекеттик тилди конституциялык макамын чыңдоо жана анын социалдык-коомдук маанисин жогорулатуу;
    • студенттер арасында улуттук каада-салттарды, үрп-адаттарды даңазалоо;
    • адабий тилдин нормасында туура сүйлөөгө, орфографиялык эрежелердин негизинде туура жазууга багыт берүү;
    • предметтерди окутууда кыргыз тилин интеграциялап окутулган сабактарды уюштуруу;
    • кыргызча окуу-усулдук эмгектерди көбөйтүү;
    • кыргыз тилинин колдонуу муктаждыгын арттыруу, иш кагаздарын туура жазууга багытталган “Сабаттуу бол” акциясын уюштуруу менен жалпы студенттерди жана окутуучу-профессордук курамдын  сабаттуулугун арттыруу;
    • мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында аткарылып жаткан иштерди жыйынтыгын чыгаруу.

    Үч айлыкты өткөрүүнүн шарттары

    Окуу жайда жобого ылайык багыт боюнча иш-чаралар өткөрүлөт:

    1. Достук сармердени;
    2. Окутуучулар ортосунда интеллектуалдык сынак таймашы;
    3. Мамлекеттик тилде жарык көргөн окуу-усулдук эмгектердин сынагы (2022-2024);
    4. Көркөм окуу сынагы;
    5. Улуттук каада-салттарды даңазалоо сынагы;
    6. Элдик ырларды сахналаштырып аткаруу сынагы;
    7. Окуу имараттарындагы эң көрнөк-жарнак сынагы.

    Мамлекеттик тилдин үч айлыгы 2024-жылдын 18-сентябрынан 18-декабрына чейин өткөрүлөт.

    Үч айлыкты жыйынтыктоо

    Жобого  ылайык өткөрүлгөн ар бир иш-чаранын катышуучуларынын эң мыктылары мамлекеттик тил боюнча проректор тарабынан тандалып, атайын орундар менен белгиленип, университеттин ректору, профессор Ж.Ж.Турсунбаевге сунушталат жана окуу жай тарабынан сыйланат.

    Уюштуруучулар: ОшТУнун мамлекеттик тил проректору жана мамлекеттик тил кафедрасы

    23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

    “Улут наркы – улуу тил” аттуу  окуу жайда мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата атайын даярдалган иш мерчеминин негизинде, мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата арналган салтанаттуу линейка болуп өттү.

    Иш-чарага окуу жайдын окутуучу-профессордук курамы жана студенттер катышты.

    Алгач окуу жайдын мамлекеттик тил проректору п.и.д.,профессор  А.З.Зулпуев сөз сүйлөп,   КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин “Мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо жөнүндө” буйруктун негизинде иш-чаралар мерчемин иштеп чыгуу менен аткарууга алынгандыгын билдирди.     Тилибиздин унутулбай, кылымдарга жашай берүүсүн каалоо менен  жалпы жамаатты   куттуктады.

    Андан соң инновациялык маалымат технологиялар институтунун 1-курсунун студенттери тарабынан даярдалган программалар көрсөтүлдү. Аталган иш-чара мамлекеттик тил проректору жана инновациялык маалымат технологиялар институту тарабынан демилгеленип уюштурулду.

    Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин мамлекеттик тил предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан уюштурулган,  Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата “Кыргыз тили – эл тарыхын баяндаган, тилсиз тарых өз кулачын жая албаган” деген аталышта майрамдык адабий-музыкалык  иш-чара болуп өттү.

    Майрамдык салтанатка окуу жайдын студенттери, окутуучу-профессордук- курамы, университеттин жетекчилиги катышты.

    Иш-чарада активдүү студенттер тарабынан концерттик программа уюштурулуп, ыр-бий, көркөм окуу, комуз күүлөрү жана Манас айтуу менен коштолду. Ошондой эле буга чейин студенттер арасында автордук ыр конкурсу жарыяланып, мыкты жазган студенттер диплом менен сыйланып, кызыктыруучу белектер берилди. “Чаң баспасын сөздөрдү” деген аталышындагы көөнө сөздөрдөн турган суроо-жооп иретинде окутуучу Нурбек Ахматкулов  оюн уюштуруп, туура жооп тапкандарга баалуу  белектер ыйгарылды.

    КРдин Мамлекеттик тил макамынын кабыл алынгандыгын 35 жылдыгына карата академик М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде үч айлыктын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралардын Жобосу

    Акыркы жаңылыктар

    “Жашыл мурас_2025” экологиялык акциясы

    “Жашыл мурас_2025” экологиялык акциясы

    30.04.2025

    Ош технологиялык университетинин студенттери жана окутуучулары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош...

    ОШТУ “ДЕН-СООЛУК – 2025” СПАРТАКИАДАСЫНДА ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

    ОШТУ “ДЕН-СООЛУК – 2025” СПАРТАКИАДАСЫНДА ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

    30.04.2025

    Ош шаарында КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер арасында “Ден-соолук –...

    КЕСИПТИК КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМ: БОШ ИШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИ

    КЕСИПТИК КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМ: БОШ ИШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИ

    29.04.2025

    2025-жылдын 29-апрелинде Ош шаарында бүтүрүүчү студенттер үчүн чоң мааниге ээ болгон кесипке багыт берүү жана жумуш мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган жарманке ийгиликтүү...

    ОшТУ менен Андижан институтунун студенттери математикадан мелдешти

    ОшТУ менен Андижан институтунун студенттери математикадан мелдешти

    29.04.2025

    ОшТУда Бүткүл дүйнөлүк математика күнүнө карата Ош технологиялык университетинин “Так илимдер кафедрасы” менен Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун “Маалымат...

    ОшТУ Кытайдагы Шицзяжуан окуу жайы менен темир жол адистерин даярдоо үчүн абитуриенттерди кабыл алууну талкуулашты

    ОшТУ Кытайдагы Шицзяжуан окуу жайы менен темир жол адистерин даярдоо үчүн абитуриенттерди кабыл алууну талкуулашты

    29.04.2025

    Бүгүн ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген курам онлайн форматта Шицзяжуан темир жол профессионалдык-техникалык окуу жайынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда өлкө...

    КЕЛЕЧЕК – БИЗДЕН БАШТАЛАТ: ЖАШТАРДЫН УКУКТУК МАДАНИЯТЫ ЖАНА КООПСУЗ КООМ ҮЧҮН БИРИМДИГИ

    КЕЛЕЧЕК – БИЗДЕН БАШТАЛАТ: ЖАШТАРДЫН УКУКТУК МАДАНИЯТЫ ЖАНА КООПСУЗ КООМ ҮЧҮН БИРИМДИГИ

    29.04.2025

    2025-жылдын 29-апрелинде Ош технологиялык университетинде жаштар үчүн маанилүү иш-чара — укук бузууларды жана терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында "Жаңы муун...

    ОШТУДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

    ОШТУДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

    28.04.2025

    Ош технологиялык университетинде ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы...

    ОшТУнун сыймыгы: Турчиева Мадина 100% гранттын ээси болду

    ОшТУнун сыймыгы: Турчиева Мадина 100% гранттын ээси болду

    28.04.2025

    2025-жылдын 26-апрель күнү Ош технологиялык университетинде өткөн Ачык эшиктер күнүнүн алкагында уюштурулган эрудициялык таймашта №52 Кыргыз-Түрк достугу орто мектебинин окуучусу...

    ОшТУ студенттери Токтогул, Күрүпсай жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде

    ОшТУ студенттери Токтогул, Күрүпсай жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде

    28.04.2025

    2025-жылдын 24-25-апрель күндөрү Ош технологиялык университетинин энергетика багытынын студенттери жана окутуучулары Токтогул, Күрүпсай жана Таш-Көмүр ГЭСтерине иш сапар жасап кайтышты....

    БОЛОЧОК КУРУУЧУЛАР ПРАКТИКАДА

    БОЛОЧОК КУРУУЧУЛАР ПРАКТИКАДА

    26.04.2025

    ОшТУнун архитектура жана курулуш институтунун СТР-1-23 тайпасында билим алып жатышкан студенттер теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо максатында ОсОО “Бизнес Хаус...

    Ош технологилык университети

    Ошский технологический университет им.Академика М.М. Адышева

    Кыргызстан, г. Ош, ул. Исанова 81

    Телефон: (+996 3222) 4 3883
    E-mail: oshtu.adyshev@mail.ru

    Приемная комиссия:

    Раб.тел.:(0777) 00 76 45
    Моб.тел.:(0779) 32 15 41
    Моб.тел.:(0773) 15 83 15

    kg

    Жетекчилик

    • ОшТУнун ректору
    • Окуу иштери боюнча проректор
    • Cырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор
    • Илим жана инновация боюнча проректору
    • Мамлекеттик тил боюнча проректору
    • Бириккен профсоюз комитети

    Департамент

    • Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти

    Кеңештер

    • ОшТУнун окумуштуу кеңеши
    • ОшТУнун Камкорчулар кеңеши
    • ОшТУнун окуу-усулдук кеңеши

    Бөлүмдөр

    • Окуу бөлүмү
    • Кадрлар бөлүмү
    • Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү
    • ОшТУнун бухгалтериясы
    • Финансылык пландоо бөлүмү
    • Админстративдик чарба бөлүмү
    • Санариптик инновациялар бөлүмү
    • Маалымат технологиялары жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмү
    • Укуктук иштер бөлүмү
    • Жалпы бөлүм
    • Редакциялык-басма бөлүмү
    • Аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү
    • Эл аралык бөлүмү
    • ОшТУнун китепканасы

    Факультеттер

    • Инновациялык маалымат технологиялар институту (ИМТИ)
    • Экономика жана башкаруу институту (ЭжБИ)
    • Архитектура жана курулуш институту
    • Индустриалдык-педагогикалык институт (ИПИ)
    • Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
    • Энергетика жана транспорт институту

    Колледж

    • Академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледж

    Институт

    • ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту

    © 2022 ОшТУ - Ошский технологический университет

    • Абитуриентам
    • Магистрантам
    • Аспирантам
    • Выпускникам
    • Студентам
    • Преподавателям
    PHP Code Snippets Powered By : XYZScripts.com
    • Русский
    • English
    • Башкы бет
    • Университет
      • Жетекчилик
        • ОшТУнун ректору
        • Окуу иштери боюнча проректор
        • Илим жана инновация боюнча проректору
        • Cырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор
        • Мамлекеттик тил боюнча проректору
        • ОшТУнун усулдук кеңеши
        • Окумуштуулар кеңеши
        • Көзөмөл кеңеши
        • Дуйнолук тилдер кафедрасы
        • Ченемдик документтер
      • Департаменттер
        • Окуу бөлүмү
        • Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти
      • Бөлүмдөр
        • Кадрлар бөлүмү
        • МжББИТ бөлүмү
        • МТжККТ бөлүмү
        • Редакциялык-басма бөлүмү
        • Укуктук иштер бөлүмү
        • Жалпы бөлүм
        • Билим сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү
        • Илим бөлүмү
        • Эл аралык бөлүмү
        • Бириккен профсоюз комитети
      • Чарбалык-эсеп бөлүмү
        • Ош технологиялык университетинин бухгалтериясы
        • Финансылык-пландоо бөлүмү
        • Админстративдик-чарба бөлүмү
        • ОшТУнун студенттер үйү
    • Окумуштуулар кеңеши
    • Окуу бөлүмдөрү
      • Факультеттер
        • Экономика жана башкаруу институту (ЭжБИ)
        • Архитектура жана курулуш институту
        • Автоунаа жана тейлөө технологиясы факультети
        • Инновациялык маалымат технологиялар институту (ИМТИ)
        • Индустриалдык-педагогикалык институт (ИПИ)
        • Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
        • Энергетика жана транспорт институту
      • Колледж жана институттар
        • Гуманитардык-технологиялык колледж
        • ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту
        • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
        • Магистратура бөлүмү
    • Илим
      • Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү
      • Ош технологиялык университетинин Бизнес-Инкубатору
      • Илимий-техникалык журнал “Известия ОшТУ”
      • Технопарк
      • Илимий-изилдөө долбоорлору
      • Аспирантура жана докторантура бөлүмү
      • Магистратура бөлүмү
    • Эл аралык бөлүмү
    No Result
    View All Result

    © 2022 ОшТУ