Магистратура – бул уюштуруучулук-башкаруучулук, аналитикалык, долбоорлук-экономикалык, илимий изилдөөчүлүк жана педагогикалык иш аракетке адистерди даярдоого багытталган жогорку кесиптик билим берүүнүн экинчи деңгээли.
Магистратура окуу бөлүмүнүн ачылышынын негизги максаты: мамлекеттик стандарты аткарыш үчүн фундаменталдык жана прикладдык илимдерде, билим берүү системаларында, илим жана маданияттарында ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарында жогорку квалификациялуу атаандаштык жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон кадрлар менен камсыздоо болуп эсептелет.
Атакулова Мерим Абдыкеримовна – магистратура бөлүмүнүн башчысы
Окумуштуу даражасы, окумуштуу наамы: филология илимдеринин доктору, профессор, РФнын Табият таануу Академиясынын академиги.
Жарык көргөн китептери, илимий иштери жана башка публикациялары: 14 окуу-усулдук колдонмолору, 4 окуу китеби, 4 монографиясы чыгарылган жана 150дөн ашуун статьялары жарык көргөн.
тел.: +996 777 27-07-77, 03222 4-37-37, atakulova.m@bk.ru
Бүгүнкү күндө ОшТУнун магистратура бөлүмү кафедралар менен биргеликте төмөнкү 13 багыт боюнча 16 адистикти даярдап жатат:
- Колдонмо математика жана информатика;
- Электроэнергетика жана электротехника:
адистиги: Электр менен жабдуу;
адистиги: Электроэнергетикалык тармактар жана тору;
адистиги: Электроэнергетикадагы менеджмент;
- Картография жана геоинформатика;
- Информатика жана программалоо технологиясы;
- Унаа процесстеринин технологиясы;
- Маалымат системалары жана технологиялары:
адистиги: Экономикадагы маалымат системалары жана технологиялары;
- Курулуш;
- Колдонмо информатика;
- Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы;
- Экология жана жаратылышты пайдалануу;
- Айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы;
- Кесипке окутуу.
- Экономика:
адистиги: Финансы жана кредит
адистиги: Бухгалтердик эсеп жана аудит