Showing 1-10 of 12 results

“БОШ ЖУМУШ ОРУНДАРЫ ЖАРМАНКЕСИ-2019”

Ош шаардык мэриясынын колдоосунда, Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Ош технологиялык университети 2019-жылдын 14-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргызстан кинотеатрынын базасында жалпы бүтүрүүчүлөр жана жумуш издеген жарандар үчүн “Бош жумуш орундары жарманкеси -2019” өткөрөт. Жарманкенин алкагында Ош технологиялык …

29.04.2019 – 03.05.2019 чейин «Архитектура, дизайн жана графика» кафедрасы тарабынан уюштурулган «Композициялык жана пластикалык моделдештирүү» аттуу темада көргөзмө өтөт

2018-2019-окуу жылында  29-апрелден 3-майга чейин «Архитектура жана курулуш» факультетинин «Архитектура, дизайн жана графика» кафедрасы тарабынан «Композициялык жана пластикалык моделдештирүү» аттуу темада көргөзмө уюштурулат. Көргөзмөдөгү жумуштар ОшТУнун фойесинде жайгаштырылат.

Ош технологиялык университети 2018-жылдын 15-16-ноябрь айында “Экология жана жаратылышты пайдалануу: билим берүүдөгү, илимдеги жана практикадагы актуалдуу көйгөйлөр” аттуу Республикалык илимий-практикалык конференцияга чакырат!

Конференция Кыргыз Республикасындагы аймактарды өнүктүрүү жылына жана “Экология жана айлана чөйрөнү коргоо” кафедрасынын 20-жылдыгына арналат. Конференция төмөндөгүдөй тематикалык багыттар боюнча иш алып барат: Билим берүүдөгү, практикадагы жана илимдеги экологиялык көйгөйлөр; Учурдагы табигый илимдердеги жетишкендиктер; Курулуш, транспорт жана энергитикадагы учурдагы негизги …

“БОШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИ – 2018“ ӨТКӨРҮЛӨТ

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология билим берүү колледжи Өзгөн, Кара-Кулжа, Араван, Ноокат, Алай, Чон-Алай, Кара-Суу, Сузак райондорунун жана Ош шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыктары менен биргеликте 2018-жылдын 25-апрель күнү саат 11:00дө Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн …

24-апрельде студенттер, магистранттар, аспиранттар жана жаш окумуштуулар үчүн аймактык илимий – практикалык конференция болот

Сиздерди М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде студенттик илимий жумалыгынын алкагында 2018-жылдын 24-апрелде өтүлүүчү Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Ч.Т.Айтматовдун 90-жылдыгына карата “Илим.Техника.Инновациялар” аймактык илимий – практикалык конференцияга активдүү катышууга чакырабыз! Конференциянын ачылышы 2018-жылдын 24-апрелинде саат 900 дө ОшТУнун чоң актылар залында …

18-19 майда республикалык илимий-практикалык конференция болот

Урматтуу коллегалар! М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети сиздерди 2018-жылы 18-19-майда өтүүчү «Билим берүүдөгү жана илимдеги физика-техникалык проблемалар» деген аталыштагы Республикалык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырат. Конференция «Физика» кафедрасынын 25 жылдык юбилейине жана кафедранын профессору, б.и.к. Асанов Маматазим Асановичтин жаркын элесине арналат. …

Урматуу окумуштуу кеңешинин мүчөлөрү!

ОшТУнун окумуштуу кеңешинин кезектеги 7-чи жыйыны 28-мартта саат 14.00-дө Кеңешме залында өткөрүлөт Күн тартиби: 2017-2018-окуу жылынын кышкы семестриндеги окуу иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету жана алдыдагы милдеттер жөнүндө (Мансуров К.Т.) Автоунаа факультетинде окуу процессин уюштуруу, окуу, окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык иштеринин …