Ош технологиялык университети менен Кытай Эл Республикасынын Сиань архитектура жана технология университетинин ортосунда онлайн форматта жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарада архитектура жана курулуш багыты боюнча студенттердин Кытай Эл Республикасында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү каралып, талкууланды. Бул жолугушуу студенттерге эл аралык билим алуу жана тажрыйба алмашуу боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүү максатын көздөдү.
Жолугушууга ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүктүрүү проректору Асанбек Акматалиев, Архитектура жана курулуш институтунун директору Муса Шабданов, окуу бөлүмүнүн башчысы Улан Абдуллаев, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айназик Аккожоева жана институттун 1-курсунун студенттери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сиань архитектура жана технология университетинин өкүлдөрү менен ОшТУнун студенттери түздөн-түз онлайн байланыш түзүп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Бул иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого жана студенттердин эл аралык академиялык алмашуусу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болду.