Ош технологиялык университетинде Экономика жана башкаруу институтунун Экономика жана финансы кафедрасы тарабынан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду.
Иш-чарага экономика жана финансы багытында билим алып жаткан студенттердин ата-энелери, окутуучулар жана студенттер катышышты.
Жолугушууну кафедра башчысы Зикираев Марат ачып берип, ата-энелерге бала тарбиялоодогу жоопкерчиликтери жана билим берүүдөгү кызматташуунун маанилүүлүгү тууралуу айтып өттү. Ошондой эле ата-энелерге ыраазычылык билдирип, студенттердин окуу процесси жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелер менен ачык диалог жүрүп, алар студенттердин окуу шарттары, жетишүүсү жана келечектеги багыты тууралуу суроолоруна жооп алышты.
Мындай жолугушуулар ата-энелер менен билим берүүчү уюмдун ортосундагы тыгыз байланыш түзүп, студенттердин ийгиликтүү билим алуусуна чоң салым кошору белгиленди.