Бүгүн 30-сентябрда Ош технологиялык университетинде «Тайпалык долбоорду окутуу» аттуу инновациялык билим берүү долбоорунун презентациясы болуп өттү. Иш-чарага университеттин жетекчилиги, институт директорлору, кафедра башчылары, окутуучулар, студенттер жана өнөктөш мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышышты.
Иш-чараны Окуу иштери боюнча проректор Улутбек Мамытов ачып берип, бүгүнкү билим берүүдө теориялык гана билим эмес, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү, ошондой эле иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал окуу процессин жаңылоо, окуу программаларын ишке ашырууда инновациялык ыкмалардын маанисине токтолду.
Илим жана инновация боюнча проректор Нурланбек Танаков өз сөзүндө: “Биз масштабдуу жаңы долбоорду баштадык. Бул долбоор Кыргызстан боюнча биринчи жолу ОшТУда практика жүзүндө ишке кирүүдө” – деп белгиледи. Ал «Тайпалык долбоордук окутуу» ыкмасын практикалык билим берүүнү күчөтүүчү, студенттерди чыныгы долбоордук иштерге тартуучу уникалдуу мүмкүнчүлүк катары баалады.
Иш-чарада долбоордун максаттары, милдеттери жана ишке ашыруу форматы тааныштырылып, студенттердин долбоордук иштери жана бизнес-инкубатордун демилгелери сунушталды. Ошондой эле өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү студенттердин кесиптик көндүмдөрүн практикада чыңдоо боюнча пикирлерин билдиришти.
ОшТУнун жетекчилиги тарабынан өнөктөш иш берүүчүлөргө ыраазчылык каттар берилди.
Жыйынтыгында катышуучулар долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, билим берүү менен өндүрүштүн байланышын чыңдоо багытында ой-пикир алмашышты.