Ош технологиялык университетинде Кокон хандыгынын белгилүү мамлекеттик ишмери, тарыхый инсан Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгына карата жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Жаркынбаевич Муратовдун жаңы эмгеги — «Алимбек датканын арманы» аттуу китебинин бет ачары өтөт.

Дата: 2025-жылдын 10-сентябры

Убакыт: саат 13:00

Жайы: ОшТУнун маданий-эстетикалык борбору
Бул маанилүү тарыхый жана маданий иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз!
Уюштуруучу: ОшТУнун табигый-гуманитардык илимдер борборунун директору А.Т. Саттарова