М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмү Instagram платформасында студенттер үчүн конкурс жарыялайт
- Конкурстун максаты:
Ош технологиялык университетинин эл аралык байланыштарын илгерилетүү, студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү жана социалдык медиа аркылуу университеттин имиджин чыңдоо. - Конкурстун темасы:
Катышуучулар публикацияларын төмөнкү темалардын бирине даярдашы керек:
- Билимдин чек арасы жок: Ош технологиялык университетинин эл аралык байланышы
- Билим көпүрөсү: Ош технологиялык университетинин глобалдык байланыштары
- Конкурстун форматы:
- Конкурс Instagram платформасында өткөрүлөт
- Бардык публикацияларда #oshtu хэштеги колдонулушу керек
- Катышуучулар рилс же постторду жарыялай алышат
- Баалоо критерийлери:
- Эң көп жактыруу (лайк) алган публикациялар жеңүүчү деп эсептелет
- Креативдүүлүк жана оригиналдуулук
- Университеттин эл аралык байланыштарына байланыштуу мазмун
- Темага ылайык келүү
- Кошумча талаптар:
- Ар бир катышуучу өзүнүн оригиналдуу контентин жарыялашы керек
- Бир катышуучу бир нече публикация менен катышса болот
- Дедлайн: 15-сентябрга чейин
Конкурстун жеңүүчүлөрү үчүн баалуу белектер даярдалган!
Кошумча маалымат алуу үчүн: Ош технологиялык университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар +996 778 949496











