ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен студенттердин жолугушуусу уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – жаштар арасында тартипти чыңдоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана туура жашоо образын калыптандыруу болду.
Жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган тескөөчүлөр студенттерге рекетчилик, зордук-зомбулук, кылмыштуулук, коомдук жайдагы жүрүм-турум маданияты тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле жаштардын билим алуусуна жана тарбиясына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.
Колледждин директору Саадалов Толонбай студенттерди кийим кийүү маданиятын сактоого, окуу жайдын ички тартип эрежелерин так аткарууга чакырды.
Жолугушууга укук коргоо органдарынын кызматкерлери, колледждин жетекчилиги, кураторлор жана 1-курстун студенттери катышып, жигердүү суроолорду беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге мыйзамды сыйлоо, коомдо өз ордун табуу жана билим менен келечекке жол ачуу маанилүүлүгү дагы бир жолу эскертилди.











