2025-жылдын 10-июнунда Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Бинтуань Синьсинь кесиптик-техникалык колледжинин делегациясы расмий иш сапары менен келди. Иш сапардын алкагында университеттин энергетика жана транспорт институтунда заманбап технологиялар менен жабдылган эки лабораториянын ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш салтанатына ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев, Бинтуань Синьсинь колледжинин ректору Ван Линь, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү онлайн режимде катышты. Ректор Ж.Турсунбаев лабораториялар келечектеги энергетик адистерди даярдоодо маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи. Ал эми А.Т. Исраилова эки өлкө ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтык кеңейип жатканын белгилеп, бул өнөктөштүк Кыргыз Республикасы менен Кытайдын достугунун үлгүсү экенин айтты.
Жаңы ачылган лабораторияларда студенттер электр тизмектерин изилдеп, энергия системаларын башкарууну үйрөнө алышат. Практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган бул лабораториялар инженер-энергетиктердин жаңы муунун даярдоого өбөлгө түзөт.
Иш сапардын алкагында ОшТУнун башкы имаратында делегация мүчөлөрүнө видео-презентация көрсөтүлүп, конокторго улуттук белектер тапшырылды. Бинтуань Синьсинь колледжинин ректоруна “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды. Ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча келишимдер жаңыланып, жаңы долбоорлор сунушталды.
Мындан тышкары, делегация ОшТУнун материалдык-техникалык базасы, чакан ГЭСи жана күн панелдери орнотулган жайлары менен таанышып чыкты. Сапардын соңунда меймандар Ош шаарынын тарыхый жана маданий жайларына экскурсия жасап, кыргыз элинин улуттук дасторкону жана маданияты менен да таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бул жолугушуу эки тараптын билим берүү жана илимий-техникалык жааттагы кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрдү.
📞 Байланыш үчүн:
Ош технологиялык университети, пресс-кызмат
✉ press@oshtu.kg | ☎ +996 550 300123