Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев Кастамону университетинин экономика жана административдик илимдер факультетинин деканы Орхан Кандемирди жеке кабыл алып, биздин университет менен биргеликте жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы байланышты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо жолдору талкууланды.
Эскерте кетсек, Ош технологиялык университетине Түркия Республикасындагы Кастамону университетинин расмий делегациясы окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен келишкен. Ошондой эле, Эразмус+ долбоорунун алкагында Орхан Кандемир мырза экономика жана башкаруу институтунун окутуучуларына жана студенттерине бир жумалык сабак өттү.