Ош технологиялык университети менен Өзбекстан мамлекетинин Хорезм Маьмун илимдер академиясы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту.
Келишимге ылайык биргелешкен илимий изилдөөлөр, ачылыштарды интеграциялоо, окуу- методикалык иштелмелер сунушталмакчы.
Эскерте кетсек, “Борбордук Азия университеттеринин ректорлорунун форумунун” алкагында университеттер арасында кызматташтык жана алакалар боюнча меморандумдарга кол коюу расмиси болду.
ОшТУ буга чейин да 60 ашуун чет мамлекеттеги ЖОЖдор менен кызматташтык меморандумдарга кол койгон жана тыгыз иш алып барат.