ОшТУнун студенттери Корея мамлекетинде билимдерин улантышат

Корея мамлекети менен Ош технологиялык университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык Ош технологиялык университетинде “Седжон Хагдан” корей борбору иш алып барат. Бул эки тараптуу кызматташуунун негизинде жыл сайын биздин окуу жайдан бир нече студенттер Корея мамлекетине барып, өздөрүнүн адистиктери боюнча аталган мамлекеттин жогорку окуу жайларында билим алып келишет. Андан сырткары аталган мамлекеттен келген студенттер биздин окуу жайга келип, өздөрүнүн билимин уланта алышат. Учурда Корея мамлекеттик гранттын негизинде окуу мүмкүнчүлүгүнө 6 студент ээ болуп, өздөрүнүн билимин улантуу үчүн жөнөп жатышат. Алар 2022-жылдын март айынан баштап ар бири өздөрү тандаган адистиктер боюнча Корея мамлекетиндеги университеттерде окуп башташат.

Аты-жөнү ОшТУдагы факультети Кореядагы унив.факультет
1 Абылкасымов Акылбек ФКИТ, ПиП-19 Пусан чет тилдер университети.

Компьютердик технология фак.

2 Абдувалиева Амина ФКИТ, КЛ-20 Инже университети.

Өнөр жайын башкаруу инженериясы

3 Джамгырканова Алия ЭжБ, Рег-17

(Бүтүрүүчү)

Пусан мамлекеттик университети.

Кийимдер дизайны факультети

4 Сапарбек кызы Мираида ФКИТ, ИиВТ-20 Ёңнам коллежджи.

Бизнес башкаруу факультети

5 Ороз кызы Чолпонай ФКИТ, КЛ-17 Ёңнам колледжи.

Мода дизайн факультети

6 Назаркулова Акмарал ФКИТ, КЛ-20 Кёңбок колледжи.

Туризм факультети

 

Бул студенттер 2022-жылдын март айынан аталган университеттерде окуп башташат жана университетти бүткөнчө Корея мамлекеттик стипендиясын алып окушат.