ОшТУнун студенти мелдеште үчүнчү орунду ээледи

Бишкек шаарында Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда спорттук самбо боюнча аялдар жана эркектер арасында, күжүрмөн самбо боюнча эркектер арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Мелдеште Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин ЭОиЭТ-20 тайпасынын студенти Адил уулу Алымбек 98 килограмм салмак ченинде күч сынашып, жыйынтыгында үчүнчү орунга ээ болду.