ОшТУнун окутуучулары менен студенттеринен куралган командалар волейбол боюнча мелдеште чемпион болушту

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган волейбол боюнча мелдеште Ош технологиялык университетинин окутуучулары жана студенттери байгелүү орундарга ээ болушту.

Мелдеш эки топко бөлүнүп, өткөрүлгөн. 1-топто Ош шаарында жайгашкан бардык мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында уюштурулуп, анда волейбол боюнча экинчи орунду ОшТУнун курама командасы ээлешти. Ал эми 2-топто Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери оюн жүргүзүп, анда да биринчи орунду ОшТУнун курама командасы ээлешти.

Жеңүүчүлөргө Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер тапшырылды.

Бүгүн 22-февралда жеңишке ээ болгон университеттин волейбол боюнча командаларын жалпы жамааттын атынан ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Мурзабек Сагыналиев куттуктап, команданын ар бир мүчөсүнө жана машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди