ОшТУда “Седжон Хагдан” корей борбору жаңы студенттерди кабыл алды

Ош технологиялык университетинде “Седжон Хагдан” корей борбору 2022-жылдын жазгы семестрине жаңы студенттерди, окуучуларды  кабыл алды. Борбордо башталгыч корей тил курсуна жазылуу аякталып, жазгы семестрдин ачылыш аземи өткөрүлдү. Аталган курска Ош шаарынын мектептеринен жана жогорку окуу жайларынан студенттер жана окуучулар келип жазылышты. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Ачылыш аземи концерттик программа менен коштолуп, корей элинин улуттук ыр-бийлери жанырды.

Эскерте кетсек, Ош технологиялык университетинде 2008-жылы корей борбору ачылып, бүгүнкү күндө корей улутундагы кызматкерлер эмгектенип, студенттерге тил үйрөтүп келүүдө.