ОшТУда окутуучулар арасындагы спартакиада жыйынтыкталды

Ош технологиялык университетинде жыл сайын салтка айланган факультеттер жана структуралык бөлүмдөр аралык профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосундагы кышкы спартакиада өткөрүлдү.
Спартакиада 18-январдан 28-январга чейин окуу жайдын дене тарбия кафедрасынын жетектөөсүндө өткөрүлдү. Волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультетинен жана институт, колледжден 10 команда катышты.
Эки жумага созулган кышкы спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Мында жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынтыгында биринчи орун – Гуманитардык-технологиялык колледжи 20000 сом акчалай сыйлык менен, экинчи орун – Табигый-техникалык факультети 15000 сом акчалай сыйлык менен ал эми үчүнчү орун – Экономика жана башкаруу факультети 10000 сом акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чара ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү максатында уюштурулду. Спартакиада жыл сайын окуу жайдын жетекчилигинин демөөрчүлүгү астында дене тарбия кафедрасынын жамааты уюштуруп келишет.