ОшТУда Эл аралык онлайн конференция өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде окутуучулар үчүн “Санариптик технологияларды киргизүү маселелери, Autodesk Revit жана Civil 3D куралдарын колдонуу менен дизайнда BIM технологияларын ишке ашыруу”  аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция жана “Autodesk Revit жана Civil 3Dде моделдөөнүн негизги куралдары” деген темада мастер-класс өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага “Autodesk Corporation” расмий дистрибьюторунун Борбордук Азиядагы өкүлү, “Архи-Лаб” жоопкерчилиги чектелген коому, “КАД СИСТЕМС”  жоопкерчилиги чектелген шериктештик уюму жана Казахстандагы тажрыйбалуу тренер-инструкторлор катышты. Конференцияда тренерлер тарабынан баяндамалар жасалып, иш-чара жогорку деңгээлде өттү.