Китепкөй окурмандар үчүн “Китеп жарманкеси”…

14-февраль эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата Ош технологиялык университетинде китеп сүйүүчүлөр үчүн — “китеп жарманкеси” өткөрүлдү. Аталган жарманке “Интеллект өнүктүрүү” борбору тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты. Анын негизинде жараманкеге жайылган китептер арзандатылган баада сатылып, окутуучулар жана студенттер өздөрүнө керектүү болгон бир топ жаңы китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды.
Китепкөй адистер менен бирге окурман студенттердин катарын кеңейтүү жана акылга азык, билимге шериктеш болуучу китептерди сунуштоо максатында өткөрүлүп жаткан бул иш чара бүгүн кечки саат 16:00 убактысына чейин уланды.
Көптөгөн китептер бүгүн өз окурмандарын тапты.