ОшТУ “Good Neighbors International” уюму менен кызматташат

Бүгүн Ош технологиялык университетине “KOICA” агенттигинин каржылоосундагы “Good Neighbors International” уюмунун өкүлдөрү миссис Шин Жонг Хён (Shin Jong Hyon), долбоор координатору Зикирова Гульзина, ага адис Мамасали кызы Асель кызматташуу боюнча келишип, окуу жай менен кенен таанышып чыгышты. Келген өкүлдөр “Integrated Rural Development in the Kyrgyz Republic” долбоорун университет менен биргеликте ишке ашыруу максатында Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы Сайдаматов Шайырбек Мурзаевич, “Компьютердик лингвистика” кафедрасынын башчысы Шерматова Айжаңыл Митаевна жана окутуучулар жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана студенттерди аталган долбоорго катыштыруу маселелери талкууланды.

Компьютердик лингвистика кафедрасы Компьютердик лингвистика жана Лингвистика багытындагы адистиктерди даярдагандыктан сөзсүз түрдө окутуунун жаңы, заманбап усулдарын колдонуу менен кадр даярдоого көбүрөөк басым жасоодо.