ОшТУ COVID-19га каршы вакцинанын кошумча үчүнчү дозасын алышты

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун профессордук – окутуучулар курамы жана кызматкерлери COVID-19га каршы вакцинанын кошумча үчүнчү дозасын алышты. Буга чейин эмгек жамаат толугу менен эки дозалуу вакцинаны алышкан.

Коронавируска каршы кошумча эмдөөдөн (ревакцинация) өткөрүүнү Өзгөн районундагы Үйбүлөлүк дарыгерлер борбору ишке ашырды.