Ош шаарында заманбап IT хабдын ачылыш аземи болуп өттү

Ош шаарында заманбап IT хабдын ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэриясы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлиги, Ош технологиялык университети жана шаарлардын IT секторунун өкүлдөрү катышты. IT хаб – бул жаштардын санариптик жөндөмдөрүн жана чыгармачылыгын өнүктүрө турган инновациялык аянтча, бул аларга тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө ыңгайлашууга мүмкүндүк берет.

Долбоордун координатору ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Төлөгөнович бул аянтча өлкөнүн түштүгүндө жаңы форматтагы биринчи санариптик билим берүү борбору экендигин айтты.

Ачылыш аземинде коворкинг мейкиндиги, IT Хабдын бизнес долбоорлору менен таанышуу болуп өттү, катышуучулар үчүн виртуалдык тур өткөрүлдү.