ОШТУДА БИЛЬЯРД БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз уюму жана Бильярд клубу тарабынан университеттин окутуучулар жана кызматкер мырзаларынын ортосунда бильярд боюнча биринчилик болуп өттү.

Ош шаарындагы “VINT” бильярд клубунда уюштурулган мелдешке жалпысынан 40га жакын мырзалар катышышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучусу Турдали уулу Кубаныч, 2-орунду “Информатика” кафедрасынын окутуучусу Джороев Туйгунбек, 3-орунду Автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин деканы профессор Болот Жоробеков ээлешип, уюштуруучулар тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына атайын сый тамак уюштурулду.

Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, салтка айланып калган мелдеш акыркы 15 жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келет.