Татыктуулар сыйланды

Ош технологиялык университетинин Дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, ОшТУнун Ардактуу профессору, КРнын дене тарбия жана спорт отличниги, КР Эл агартуусунун отличниги, КР спорттун ардагери, Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы Кенжебаев Маматали Абдыкалыковичке Ош шаарындагы Кыргыз күрөш федерациясынын спортсмендеринин деңгээлин көтөрүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү жана Кыргыз спорту үчүн кошкон олуттуу салымы, активдүү эмгеги үчүн Ош шаарынын жана Ош облусунун Кыргыз күрөш федерациясы ыраазычылык билдирди.

Урматтуу Маматали Абдыкалыкович сизге темирдей бекем ден соолук, үй-бүлөлүк ырыскы, бакыт- таалай каалап, ар дайым элибиздин туусун бийик көтөрүп жүрө беришиңизди тилейбиз!