СТУДЕНТТЕРГЕ ЖАРКЫН МААНАЙ ЖАРАТКАН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕ ОШТУДА

Ош технологиялык университетинде жаңы жылды утурлай ректордук бал жогорку деңгээлде белгиленди. Университеттин жетекчилигинин демилгеси менен окуу жайдын Жаштар комитетинин уюштуруусунда ишке ашкан бал быйыл белектерге бай болуп, өзгөчө программанын негизинде коштолду. ОшТУнун ректорунун милдетин  аткаруучу, техника илимдеринин кандидаты, доцент Жумакадыр Матисаков сөз сүйлөп, жаңы жыл менен кызуу куттуктап, бул жылда ийгилик жаратып, окуу жайыбыздын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошкон студенттерге Ардак грамота, атайын диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Көтөрүнкү маанайда уланган аземде жыл жыйынтыгы боюнча республикалык, эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен жана атайын номинацияларга ээ болгон студенттер сыйланды. Балатынын айланасында шаңдуу музыканын коштоосунда көпкө чейин бийлеген жаштар жакшы маанайда болушту.