ОшТУнун студенти самбо боюнча мелдеште экинчи орунду алды

Ош шаарында самбо боюнча шаардын биринчилиги өткөрүлдү. Ага Ош облусунун жана Ош шаарынын спортчулары жана спорт күйөрмандары катышты.

Мелдеште Ош технологиялык университетинин Энергетика факультетинин ЭОиЭТ-20 тайпасынын студенти Адил уулу Алымбек 98 килограмм салмак ченинде күч сынашып, жыйынтыгында жеңишти багындырып, 2-даражадагы диплом менен сыйланды. Жеңүүчүлөргө шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан мелдалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Мелдеш республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларын тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө максатында уюштурулду.