Оштунун бүтүрүүчүсү конокто

Ош технологиялык университетинде Компьютердик лингвистика кафедрасы тарабынан илимий конок семинар болуп өттү. Семинарга  кафедранын бүтүрүүчүсү Эмилбек уулу Сагындык конок-лектор катары катышып берди. Учурунда Сагындык АКШнын Пенсильвания штатында студенттик мобилдүүлүк боюнча “Juniyata” колледжинде Global Ugrad программасы боюнча бир жыл окуп келген. Ал эми  магистратураны Англиядагы “Reading” университетинде аяктаган. Жолугушууда студенттерге өздүк тажрыйбалары менен бөлүшүп, чет элге чыгуу программалары боюнча өзүнүн ой-пикир, кеп-кеңештерин айтып маалыматтары менен бөлүштү. Окууну аяктагандан кийин да кантип жумушка орношуу сунуштарын, жол-жобосун айтып өттү. Семинарда студенттер өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышып, эркин формадагы маектешүү жүргүзүлдү.