ОшТУга Наманган инженердик-технологиялык институтунун өкүлдөрү келди

Ош технологиялык университетине Наманган инженердик-технологиялык институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча келишип, окуу жай менен кенен таанышып чыгышты. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, академиялык мобилдүүлүк, стажировкаларды уюштуруу, студенттик фестивалдарды өткөрүү боюнча маселелери талкууланды. Иш-чарынын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жана  жолугушуулар уюштурулуп, химия жана химиялык технология, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы адистигинин студенттери үчүн конок лекциялар окулду.