ОшТУда жаңы жылдык кече өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде кирип келген 2022- жаңы жылды утурлай салатанаттуу жаңы жылдык кече өткөрүлдү. Салатанаттуу кечеде бир жыл ичинде аткарылган илимий иштердин жыйынтыгы чыгарылып, жыл мыктылары сыйланып жана алдыңкы окутуучуларга, студенттерге Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. Андан соң Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту тарабынан даярдалган кызыктуу оюн-зооктор, ыр, бийлер жана концерттик программалар менен коштолуп, жагымдуу маанай тартууланды.

Кечеде жыл мыктылары аныкталды.

Ош технологиялык университетинин “2021-жылдын мыктысы” номинациясы боюнча конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде

 

  1. “Жылдын мыкты факультети” номинациясы менен  Энергетика факультети, деканы Токоев  Маматомур  Пирматович I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 20 000 (жыйырма миң) сом акчалай сыйлык
  2. “Жылдын мыкты кафедрасы” номинациясы менен “Колдонмо механика” кафедрасы, кафедра башчысы Каримов Эркинбек  Машанович I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 15 000 (он беш миң) сом акчалай сыйлык
  3. “Жылдын мыкты лектору” номинациясы менен “Экономика жана финансы” кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Кутманбекова Алмаш Абжалбековна I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык
  4. “Жылдын мыкты илимий изилдөөчүсү” номинациясы менен “Бухгалтердик эсеп жана аудит” кафедрасынын профессору Абдиев Мурат Журатович I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык
  5. “Жылдын мыкты окуу-усулдук колдонмосу” номинациясы менен “Сызма геометрия жана графикалык дизайн” кафедрасынын доценти Жусупов Алибай Алдырахманович I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык
  6. “Жылдын мыкты магистранты” номинациясы менен “Колдонмо механика” кафедрасынын инженери Саттаров Мирланбек Ысмайылович I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык
  7. “Жылдын мыкты аспиранты” номинациясы менен “Байланыш тармактары жана телекоммуникация системалары” кафедрасынын ага окутуучусу Эркинбаева Назгул Абдикаримовна I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык
  8. Жылдын мыкты окуу-усулдук лабораториясы” номинациясы менен гуманитардык-технологиялык колледжинин “Энергетика” кафедрасынын “Электр жабдыктарын жөнгө салуу, монтаждоо жана сыноо” лабораториясы, кафедра башчысы Пакирдинов Рустам Рахматуллаевич I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык
  9. Жылдын мыкты административдик башкаруу аппаратынын кызматкери” номинациясы менен Илим бөлүмүнүн башчысы Тешебаева Зулумкан Абдыманаповна I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык
  • “Жылдын мыкты куратору” номинациясы менен “Бизнести башкаруу жана социалдык иш”кафедрасынын окутуучусу Аккожоева Айназик Канатбековна I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 8000 (сегиз миң) сом акчалай сыйлык
  • Жылдын мыкты административдик –чарба бөлүмүнүн кызматкери” номинациясы менен Техника коопсуздугу боюнча инженер Токтосунов Абдыгапар Манасович I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык
  • “Жылдын мыкты институту” номинациясы менен Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту, директору Акматалиев Асанбек Тургунбаевич I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 20 000 (жыйырма миң) сом акчалай сыйлык
  • “Жылдын мыкты студенти” номинациясы менен Экономика жана башкаруу факультетинин Рег-19 тайпасынын студенти Аматова Гулнура Нурлановна I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 5000 (беш миң) сом акчалай сыйлык
  • “Жылдын мыкты спортсмен студенти” номинациясы менен Энергетика факультетинин ЭОиЭТ-20 тайпасынын студенти Адилбек уулу Алымбек I даражадагы диплом жана кызыктыруучу 5000 (беш миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.