ОшТУда тез окуу боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттери үчүн өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Аталган иш-чара “Ийгилик академиясы” борборунун тренерлери тарабынан ишке ашырылып, гуманитардык-технологиялык колледждин студенттери катышышты. Бүгүнкү семинарда өзүн-өзү өнүктүрүү багытында тез окуу боюнча маалыматтар берилди. Негизинен ар кандай маалыматты китептен, же газета-журналдардан тез окуп, ошол эле учурда маалыматты сактап калуу жөндөмдүүлүгү табияттан ар бир адамга берилген нерсе. Бирок, ал нерсе ар бир адамда ар башкача өнүгөт. Акыркы убактардагы илим жана техниканын тездик менен өнүгүп жаткан учурунда өсүп келе жаткан муунду китеп окууга кызыктыруу бир топ кыйынчылыкты жаратып жатат. Маалыматты сактоодо телевизор, телефондон көрүп, уккандан көрө, же интернет булактарынан окуганга караганда китептен, же газета-журналдардан окуп, билүү көбүрөөк жардам берет, тактап айтканда, маалыматты тез кабыл алып, ошол эле учурда унутпай, узак мөөнөткө сактай алат. Азыркы өсүп келе жаткан муунду виртуалдык жашоодон алыстатып, нерв клеткаларды машыктырууда китепти колдонууга чакыруу коомдун эң орчундуу маселесине айланып калган. Ошондуктан, жаштарды тез окууга машыктыруу менен аларды китеп окуганга кызыктырып, ден-соолуктарын сактоого да чоң жардам болоорун белгилөө керек. Күн өткөн сайын телефонго байланган жаштар эле эмес, мектеп окуучулары дагы көбөйүп жатышы бир эле кыргыз коомун эмес бүтүндөй дүйнө мамлекеттерин тынчсыздандырууда.