ОшТУда тамак-аш жарманкеси уюштурулду

Ош технологиялык университетинде берекелүү күз мезгилинин жөрөлгөсүн улай “Берекелүү күз” аталышында жарманке уюштурулду.

Аталган жарманке Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын жалпы жамааты  жана студенттери катышты. Мында студенттердин колунан жасалган  даамдар, жер-жемиш, мөмө-жемиштер стол үстүнө жайылып, арзан баада сатыкка коюлду. Сатыктан түшкөн каражат кайрымдуулук фондуна жумшалмакчы.

Жыл мезгилдеринин арасынан токчулуктун жышаанын көрсөтүп турган күз мезгили, өзүнүн берекелүүлүгү, жаратылышка башкача өң берип, табиятты кулпуртуп турганы менен өзгөчө. Мына ушундай сырларды камтыган учурдун өзгөчөлүгүн белгилеп, окуу жайда жыл сайын Жаштар комитети тарабынан түрдүү саамалыктар өткөрүлүп келет.