ОшТУда студенттерге тарбиялык иш-чара өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде студенттерге учурдагы коомдо жаштар арасында жүз берип жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, билим берүү менен эле чектелбестен, таалим-тарбия берүү менен студенттерге жаркын жолду көрсөтүү жана жаштарды жакшы билим алып, келечекте өз кесибинин мыкты адиси болууга чакыруу максатында тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага үй-бүлө академиясынын жетекчиси Сапарова Алмагүл, окуу жайдын жетекчилиги жана студенттери катышты. Жолугушууда Алмагүл Сапарова студенттердин суроолоруна жооп берип, эркин формадагы маектешүү жүргүзүлдү. Университеттин жетекчилиги бул багыттагы жолугушууларды, тарбиялык иш-чараларды уюштуруп келет.