ОшТУда Россия жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өткөрүлүп жатат

Ош технологиялык университетине Россия Федерациясынын он эки жогорку окуу жайынын өкүлдөрү келип, өздөрүнүн окуу жайлары жөнүндө маалымат берүү максатында көргөзмө өткөрүп жатышат. Бул иш-чаранын негизги максаты эки элдин ортосундагы ар тараптуу байланышты чыңдоо жана достукту, ынтымактыкты бекемдөө болуп саналат. Ош технологиялык университети бир топ жылдан бери алыскы жана жакынкы чет мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташып келет. Алардын ичинен Россия мамлекети менен академиялык мобилдүүлүк боюнча көп долбоорлор ишке ашырылган. Биздин окуу жайда билим алып жатышкан студенттер Россиянын жогорку окуу жайларында мобилдүүлүк программасы боюнча өз билимдерин өркүндөтүп келишет жана профессордук-окутуучулук курам дагы өз кезегинде эки өлкөнүн окуу жайларында тажрыйба алмашуу максатында атайын окуулардан өтүшөт, ар кандай семинарларга катышышат. Ал эми бүгүнкү иш-чара Россиянын жогорку окуу жайлары тууралуу студенттерден сырткары, орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына дагы кеңири маалыматтарды берүү максатында уюштурулду. Аталган иш-чарага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, орто мектептердин директорлору, ата-энелер жана студенттер, окуучулар катышышты. Көргөзмө “Демилге kg” коомдук фондунун демилгеси жана Ош технологиялык университетинин уюштуруусу менен ишке ашырылып жатат.