ОшТУда онлайн мониторинг жыйыны өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте Erasmus + программасынын “ELBA” долбоорунун алкагында онлайн мониторинг жыйыны өткөрүлдү. Аталган жыйынга долбоордун координаторлору, эки окуу жайдын жетекчилиги жана окутуучулары катышты. Иш-чарада Erasmus+ долбоорунун алдыдагы ишмердүүлүгү, пландары жана долбоордун алкагында Борбордук Азияда Big Data Intelligence (ELBA) программасынын техникалык каражаттары тууралуу маалыматтар берилип, баяндамалар жасалды.

Ош технологиялык университети Еrasmus+ долбоорунун алкагында Евробиримдиктин талаптарын канаатандырган өнөктөш өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен кызматташып, алгылыктуу иштерди алып барууда.