ОшТУда “Кош жыдыз” сынагы өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин стдуденттер үйүнүн жашоочуларынын ортосунда “Кош жыдыз” деп аталган конкурс болуп өттү. Мында студенттер үйүнүн алты бөлүгүнөн алты команда, башкача айтканда, бир жигит, бир кыз өздөрүнүн таланттарын көргөзүштү. Жыл сайын салтка айланган бул иш-чара дүйнөнү каптаган пандемиянын айынан өткөн жылы өткөрүлбөй калган эле. Бул жылы кайрадан өткөрүлүп, жатаканада жашаган студенттердин мыкты таланттарына күбө болдук. Конкурстун шартына ылайык ар бир команда ыр айтышып, бийлеп чыгармачылык аракетин тартуулашты. Студенттер үйүнүн директору, ОшТУнун социалдык өнүктүрүү департаментинин директору, декандар, окутуучулар жана студенттер кош жылдыздардын таланттарына күбө болушту. Аталган иш-чара жаштардын маданий эс алуусун жакшыртуу,  мекенди  сүйүүгө чакыруу жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду. Жыйынтыгында подъезддер аралык сынакта 1-орунду Дүйшенбиев Курманбек жана Гүлжигит кызы Айсезим, 2-орунду Рустамов Мурат жана Анварова Муслима ал эми, 3-орунду Эркинбек кызы Жумагүл жана Эдилбаев Үсөнбек ээледи. Жеңүүчү командаларга университет жетекчилиги тарабынан дипломдор, ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.