ОшТУда коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө иш-чара өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Өзгөн райондук прокуратурасы менен биргеликте коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган иш-чара уюштурулду.

Алгач иш-чара Өзгөн районунун прокурорунун улук жардамчысы М.К.Исабаевдин Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамы, кылмыш жоопкерчиликтери туурасында семинар сабагы менен башталып, суроо-жооп мазмунунда уланды.

Андан кийин “Жаштар коррупцияга каршыбыз” деген темада студенттер тарабынан жазылган дил баяндардын сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, эң мыкты мазмунда жазылган дил баяндар – ПК-2-21тайпасынын студенти Турдубаев Субидин биринчи, БК-1-21 тайпасынын студенти Джолдошбаева Айзада экинчи, Пк-2-21 тайпасынын студенти Календер кызы Гүлмира үчүнчү орунду ээлеп, Өзгөн районунун прокурору Н.А.Матисаковдун Ыраазычылык каттарын алышты.

Иш-чаранын соңунда студенттер даярдаган флеш-моб тартууланды.