ОшТУда көргөзмө уюштурулду

Бүгүн Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин “Кийимдердин технологиясы жана дизайны” кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган алгачкы жумуштарынын көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты. Көргөзмөдө студенттердин баардык эмгектери көрүүчүлөрдүн назарына коюлуп, мыкты чыгармачылык менен аткарылган жумуштары көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, ыраазычылык сөздөр айтылды.