ОшТУда энергетиктердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди

22-декабрь – Энергетиктердин күнүнө карата Ош технологиялык университетинин Энергетика факультети тарабынан майрамдык салтанат өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин жетекчилиги, энергетика факультетинин жамааты, факультетте билим алып жатышкан студенттер, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин, Ош-Электро ачык акционердик коомунун, Ош жогорку чыңалуу ишканасынын жана башка мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышышты. Салтанаттуу иш-чаранын ачылышында Энергетика факультетинин деканы техника илимдеринин кандидаты, ОшТУнун профессору Маматөмүр Токоев сөз сүйлөп, бул кесиптин бүгүнкү күндө эң керектүү, келечектүү, кесип экендигин белгилеп, бул тармакта эмгектенген адистер азыркы мезгилде Кыргызстандын өндүрүш тармагынын эң оор тармагында эмгектенип жаткандыгын айтты. Университет жетекчилиги тарабынан майрамдык кутуктоолор айтылып, окутуучуларга, студенттерге Ардак грамоталар тапшылрылды. Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык кеңеши тарабынан факультетте эмгектенип жатышкан профессордук-окутуучулук курамдын мыкты ийглик жараткандарга, окууда жана факультеттин коомдук иштеринде активдүү катышкан алдыңкы студенттерге Ардак грамоталар, баалуу белектер тапшырылды. Мындан сырткары, энергетика тармагындагы мекеме-ишканалардан атайын иш берүүчүлөр келишип биздин студенттерди жумушка чакырып кетишти. Факультетти бүтүрүп, учурда өз кесиби менен үзүрлүү эмгектенип жатышкан бүтүрүүчүлөр өз кезегинде кутуктоо сөздөрүн айтышып, факультетке арнаган белектерин тапшырышты. Майрамдык салтанат маанайды көтөргөн жагымдуу музыка, концерттик программа менен коштолду.

Мамлекетибиздин энергетика тармагын өнүктүрүп, элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда жарым кылымдан ашуун убакыттан бери Ош технологиялык университетинин Энергетика факультети жогорку квалификациялуу энергетика багытындагы адистерди даярдап келет.

Энергетика факультети 2021-жылы Эл аралык аккредитациядан  5 жылга ийгиликтуу өтүп, факультеттин бүтүрүүчүлөрү чет мамлекетте иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрү Кыргыз энергосистемасынын бардык тармактарында, ошондой эле Россия, Казахстан жана чет мамлекеттерде үзүрлүү иштеп келүүдө.