ОшТУда “Аалам алпы-Айтматов”  аттуу салтанатуу иш-чара өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин Жаш­тар комитети тарабынан Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган “Аалам алпы-Айтматов” аттуу залкар жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылык ишмердигине арналган, калем устасынын туулган күнүнө карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышып, таланттуу студенттер тарабынан Айтматовдун өмүрү жана чыгармаларына арналган сүрөт көргөзмөсү, Ч. Айтматовго арналган ырларды окушуп, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүү менен биргеликте чыгармаларынан монолог жана кыргыз элине тараган ырларынан аткарылып, адабий-обондук кече уюштурулду. Иш-чаранын максаты студенттердин жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө билимин көбөйтүү, чыгармаларына кызыгууну жаратуу, жазуучунун кыргыз жана дүйнөлүк адабиятка кошкон чоң салымын урматтоо болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттер аралык сынак өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды.

Көркөм окуу:

1-орун Шергазы кызы Мираида

2-орун Куштарбек кызы Айчүрөк

3-орун Жумабай кызы Адина

Монолог:

1-орун Кадырбеков Элтуран

2-орун Абдикаримов Акжол

3-орун Сарыбатова Элиза

Сүрөт конкурсу:

1-орун Сарыбаев Жумакадыр

2-орун Абдималик кызы Айназик

3-орун Эмилбек кызы Наргиза, Бөжөков Жеңишбек

Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командаларга ардак грамоталар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.