ОшТУ Түндүк-Чыгыш федералдык университети менен кызматташууда

Ош технологиялык университетинин “Физика жана энергетикалык машина куруу” кафедрасы менен М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин өкүлдөрү, эл аралык кызматташуу боюнча проректору Н.Р.Максимов, Автоунаа транспорту факультетинин “Машина таануу” кафедрасынын башчысы Е.Л.Иовлева жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда машина куруу адистигинин студенттери арасында академиялык мобилдүүлүк боюнча  кызматташуу, окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу жана студенттерди кош дипломдуу кылуу маселеси талкууланды.