ОшТУ Түндүк-Чыгыш федералдык университети менен кызматташат

Ош технологиялык университети Россиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуусун улантууда. Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин өкүлдөрү окуу жайга жумушчу сапары менен келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Алгач келген өкүлдөр ОшТУнун ректорунун милдетин  аткаруучу, техника илимдеринин кандидаты, доцент Жумакадыр Матисаковдун кабыл алуусунда болуп, эки тараптуу кызматташуунун жана эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, окутуучулар жана студенттер арасында академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдерди түзүү маселелери сүйлөшүлдү. Мындан сырткары университеттин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Төлөгөнович менен жолугушуп, студенттерди кош дипломдуу кылуу маселесин талкуулашты.