ОшТУ спорттон алдыда

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты, дене тарбия жана спорттун мыктысы Адылбек Ганиевичтин жаркын элесине арналган түштүк аймагынын стол теннис боюнча мелдеши өткөрүлдү. Аталган спорттук мелдешке Ош технологиялык университетинин стол теннис боюнча башкы машыктыруучусу Гаипов Элдияр катышып, биринчи орунду камсыз кылды. Спорттук иш-чара ынтымакты, достукту, биримдикти чыңдоо жана адамдарды дени-сак жашоого чакыруу максатында уюштурулган.