ОшТУ Наманган инженердик-технологиялык институту кызматташууда

Ош технологиялык университетинин дене тарбия кафедрасынын окутуучулары Наманган инженердик-технологиялык институтуна окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде тажрыйба алмашуу боюнча барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. Иш-сапардын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, биздин окутуучулар мастер-класс өтүштү. Бул иш-чара эки мамлекеттин ортосундагы ынтымактыкты чыңдоо, жаштарды дени сак жашоого  чакыруу жана коңшу мамлекеттер менен достук мамиледе болуу максатында уюштурулду. Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташууда.