ОшТУ мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жаңы жылдык жаркын маанай тартуулады

Бүгүн Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун эмгек жамааты – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоонун бир айлыгынын алкагында Мырза-Аке айылындагы М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын интернат-мектебиндеги окуучулардан кабар алышты.

Бул иш сапардын алкагында окуучуларды куттуктап, Жаңы жылдык белек-бекчектерди тапшырышты.