ОшТУ кайрымдуулук жасады

3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө карата Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият үйүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган саамалыкка Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин “Мамлекеттик тил жана дүйнөлүк тилдер” кафедрасынын окутуучусу, “Назик” бий ийриминин жетекчиси Надилбек кызы Бегимай бий тобу менен көрүүчүлөргө концерттик программа тартуулады. Ошондой эле “Сезим” фондуна, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Надилбек кызы Бегимай акчалай жардам көрсөттү.