Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө!

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Өзгөн районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана райондук ден-соолукту чыңдоо кабинетинин дарыгерлери менен бирегеликте Кыргыз Республикасынын “Ден-соолугу чың адам – өнүккөн өлкө” мамлекеттик программасын ишке ашырууда кыздар арасында репродуктивдик тукум улоо ден соолугуна кам көрүү жөнүндө студент кыздар үчүн семинар уюштурулду.

Семинарда райондогу белгилүү дарыгер-гениколог Чокморова Максат жана дарыгер-терапевт Айнура Молдошбаева баяндама жасашып, студент жаштарды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Дарыгерлер менен өтүлүүчү мындай иштер окуу жайыбызда байма-бай өткөрүлүп турат.