ОшТУ Наманган инженердик-технологиялык институту менен кызматташууда

Ош технологиялык университетине Наманган инженердик-технологиялык институтунун жетекчилиги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү түзүү, кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү максатында келишип, окуу жай менен кенен таанышып чыгышты. Студенттер арасында академиялык мобилдүүлүк боюнча  кызматташуу, окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу маселеси талкууланды. Студенттер үчүн конок лекциялар,  практикалык сабактар жана стажировкалар уюштурулмакчы.